Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 17-сессиясы
2015-жылдын 12-июну № 17-7
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Халмуратовдун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө билдирүүсүн угуп айылдык кеңештин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт. Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин катынын негизинде киреше салыгынан 11 кварталдан 142600 сомду кемитип 111 кварталга жылдырып берүүңүздөрдү суранамын. Чыгаша бөлүгү башкаруу аппаратынын ар түрдүү чыгашалар статьясынан 11 кварталдан кемитилип 111 кварталга жылдырылсын. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап. Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 17- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 11-кварталдагы киреше салыгынан 142600 сомду кемитип 111-кварталга жылдырылсын, ал эми чыгаша бөлүгү 22154900 статьясынан 11 кварталдан 111 кварталга жылдырылсын
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо ФЭБ башчысы Х. Кушбаковго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысы А. Халмуратовго тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |