Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы
2015-жылдын 05-августу № 18-1
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Халмуратовдун 2015-жылдын 6 айында аткарган иштери жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Халмуратовдун 2015-жылдын 6 айында аткарган иштери жөнүндө маалыматы (маалымат тиркелет) угулду
Жогорудагы маалымат берилгенден кийин депуттаттар өкмөт башчыга төмөнкүдөй суроолорду беришти.
Депутат Исмаилов Т.-276 миң сом кичи базар үчүн бөлүнгөн эмне үчүн курулган жок? Жооп: Жыл аягына чейин бүтүрөбүз деген жооп берилди.
Депутат Кудаяров Баабек-Кара даван участкасына 35 миң ички жолдоруна кум салууу үчүн бөлүнгөн эмне үчүн аткарылган жок ? Жооп: Жыл аягына чейин бүтүрөбүз деген жооп берилди
Депутат Эрматов Хакимжон - Жар Кыштактагы кырга чыгуучу жолго 30 миң сом бөлүнгөн эмне үчүн аткарылбады? Жооп Жылдын аягына чейин бүтүрөбүз деген жооп берилди.
Депутат Маманазаров Г-Жаңы конуштарга электролиния тартуу үчүн 55 миң сом ажыратылган эмне үчүн аткарылган жок? Жооп: Жылдын аягына чейин аткарабыз деген убада берилди.
Депутат Асланкулов С. Жар кыштак айылынын ички жолдоруна кум салуу үчүн 65 миң сом бөлүнгөн эмне үчүн аткарылган жок? Жооп: Жылдын аягына чейин бүтүрөбүз Андан башка депутаттар Ш. Анарбаев, М. Туйчиев, А. Хакимовдор жогорудагыдай суроолорду беришип тиешелүү жооп алышты.
Жогорудагы маселелерди чечүүдө негизги орунду ФЭБ башчысы Х. Кушбаков ойнойт, бирок бүгүнкү сессияга өзу да бир дагы кызматкери да катышпады эмне себептен? Тиешелүү маселе каралып жатканда ФЭБ башчысы сөзсүз өзү катышуусу зарыл, ошондуктан бул кызматкерге карата иштен алуу же болбосо катуу согуш жарыялоо жагы айыл өкмөт башчысына сунушталды. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөт башчысы А. Халмуратовдун 6 айда аткарган иштери жөнүндө отчету ишинде кетирген кемчиликтери үчүн шарттуу түрдө канааттандырарлык деп табылсын
2. Сессияга себепсиз келбеген ишинде кетирген кемчиликтери үчүн ФЭБ башчысы Х. Кушбаковго карата тартиптикдиги жана жаза берүү жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
З. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасы С. Асланкуловго тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |