Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы
2015-жылдын 5-августу № 18-3
Ак-Суу айылында жайгашкан «Эгемендүүлүк орто мектебинин атын өзгөртүп физика–математика илимдеринин кандидаты, окумуштуу Газбек Ражаповдун атын ыйгаруу жөнүндө
Ак-Суу айылында жайгашкан «Эгемендүүлүк « орто мектебинин атын өзгөртүп физика–математика илимдеринин кандидаты, окумуштуу Газбек Ражаповдун атын ыйгаруу жөнүндө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Халмуратовдун билдирүүсүн угуп айылдык кеңештин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт. Жогорудагы аты аталган мектеп 2001-2002-окуу жылында ачылып «Эгемендүүлүк « деп ат берилген Аты аталган мектептин атын өзгөртүү жонундо «Эгемендуулук» орто мектебинин эмгек жамаатынан 25 адам катышкан 2015-жылдывн 25-июнундагы жана Ак Суу айылынын элинин 73 адам катышкан жалпы чогулуштарынын протоколдорунун негизинде мектептин атын Газбек Ражаповдун атын коюуга макулдук берилип сунуш кат Ак-Суу айылдык кеңештин сесиясына сунушталган. Жогорудагы сунуштардын негизинде тиешелүү чечим кабыл алып берүүңүздөрдү суранамын. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Эгемендүүлүк» орто мектебинин эмгек жамаатынын жана Ак-Суу айылынын элинин жалпы чогулуштарынын протоколдорунун негизинде Ак-Суу айылындагы «Эгемендүүлүк» орто мектебине окумуштуу, ардактуу профессор физика-математика илимдеринин кандидаты Газбек Ражаповдун аты ыйгарылсын
2.Тиешелүү документтерди даярдап токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап Баткен облустук адилет башкармалыгынан каттоодон откоруу жагы айыл өкмөт башчысы А. Халмуратовко тапшырылсын
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Төрага | С. Асланкулов |