Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы
2015-жылдын 5-августу № 18-4
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Халмуратовдун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө билдирүүсүн угуп айылдык кеңештин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт.
Мурда кабыл алынган 2015-жылдын бюджетиндеги ар түрдүү чыгымдар 22154900 статьясынан 276133 сом Ак-Суу айылында кичи базар куруу үчүн каралган, бирок базар куруу үчүн акча каражаты № 31113 стаьясында каралууга тийиш болгондуктан жогорудагы 276133 сомду ар түрдүү чыгымдар статьясынан кемитип 31113 имараттар жана курулмалар статьясына жылдырууга уруксат берүүңүздөрдү суранамын. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылда кабыл алынган ар түрдүү чыгымдар 22154900 статьясынан 276133 сомду кемитилип 31113 имараттар жана курулмалар статьясына жылдырылсын
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо ФЭБ башчысы Х. Кушбаковго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |