Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы
2015-жылдын 5-августу № 18-5
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүн 31.07.2015-жыл № 01-12\544 катын карап чыгуу жөнүндө
Кыргыз Республиксынын Эсептөө палатасынын Ош шары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүн Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 01.01.2013-жылдан 31.12.2013-жыл үчүн бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышын жана кетирилген кемчиликтери боюнча эскертмени карап чыгып Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 01.01.2013-жылдан 31.12.2013-жылга чейинки бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышында кемчиликтер бар экендиги көңүлгө алынсын.
2. Эскертмеде көрсөтүлгөн кемчиликтер боюнча чаралар көрүлүп кат жүзүндө Эсептөө палатасынын түштүк аймактык бөлүнүшүнө билдирүү берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын аткаруу жагы ФЭБ башчысы Х. Кушбаковго тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |