Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы
2015-жылдын 24-сентябры № 19-2
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Халмуратовдун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө билдирүүсүн угуп айылдык кеңештин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт. 2015-жылдын Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын бюджетиндеги ар түрдүү чыгымдар 22154900 статьясынан 167800 сом акча каражаты 22241100 статьясына Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратына, билим берүү тармагына көмүр сатып алуу үчүн жылдырууга уруксат берүүңүздөрдү суранамын. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылда кабыл алынган ар түрдүү чыгымдар 22154900 статьясынан 167800 сомду кемитилип 22241100 көмүр сатып алуу статьясына жылдырылсын
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо ФЭБ башчысы Х. Кушбаковго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |