Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы
2015-жылдын 29-декабры № 20-1
Орто мектептерде жана бала бакчаларда ыссык тамак берүүнүн абалы жөнүндө
Орто мектептерде жана бала бакчаларда ыссык тамак берүүнүн абалы жөнүндө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Абдинайимовтун билдирүүсүн (билдирүү тиркелет) угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто мектептерде жана бала бакчаларда ыссык тамак берүүнүн абалы канааттандырарлык деп табылсын.
2. «Тынчтык» балдар бакчасында жакшы шарттар түзүлгөндүгү белгиленип балдар бакчасынын башчысы Б. Саматова акчалай сыйлык менен сыйлансын.
3. «Кызгалдак» балдар бакчасында балдардын катышуусу жана ички тартиптин сакталышы начар экендиги белгиленип тарбиячылар Ю. Имматкулова жана З. Матмурадоваларга карата тартиптик чара көрүү балдар бакчасынын башчысы К. Туйчиевага тапшырылсын
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А. Халмуратовго жана айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |