Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы
2015-жылдын 29-декабры № 20-2
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерде тестирлөөнүн жыйынтыктары жана билим деңгээлинин абалы жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерде тестирлөөнүн жыйынтыктары жана билим деңгээлинин абалы жөнүндө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Абдинайимовтун билдирүүсүн (билдирүү тиркелет) угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерден тестирлөөнүн жыйынтыгы жана билим деңгээли боюнча Горький атындагы жана Эгемендүүлүк орто мектептеринде жакшы иштегендиги белгиленсин, Эгемендүүлүк орто мектебинин библиотекары Асанбаева Ойжамал жакшы иштегендиги үчүн акчалай сыйлык менен сыйлансын.
2. Э. Матмуродов атындагы орто мектебинде тестирлөөнүн жана олимпиадага катышкан окуучулардын натыйжасы жана окуу китептер менен камсыз болушу начар экендиги белгиленсин.
Орто мектептин библиотекары А.Ташматовдун начар иштегендиги белгиленип ага карата тартиптик чара көрүү мектеп директору А.Кобиловго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |