Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-декабры № 20-3
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жайыт комитетинин «Ак-Суу-Суу» ИСКАКБсынын жана «Өмүр Суу» СПАсынын 2015-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жайыт комитетинин, «Ак-Суу–Суу» ИСКАКБсынын жана «Өмүр Суу» СПАсынын 2015-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө жайыт комитетинин төрагасы Б. Кудаяровтун, «Ак-Суу-Суу» ИСКАКБсынын төрагасы А. Гафировтун жана «Өмүр Суу» СПАсынын башчысы М. Латиповдун 2015-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө билдирүүлөрүн (билдирүүлөр тиркелет) угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин төрагасы Б. Кудаяровтун «Ак-Суу-Суу» ИСКАКБсынын төрагасы А. Гафировтун жана «Өмүр Суу» СПАсынын башчысы М. Латиповдун 2015-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө билдирүүлөрү канааттандырарлык деп табылсын.
2. «Ак-Суу-Суу» ИСКАКБсынын ичуучу сууну пайдалангандыгы үчүн элдерде өндүрүлбөгөн карыздары өтө көп экендиги эске алынып, ага жардам берүү жагы айыл өкмөт башчысы А. Халмуратовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысы А. Халмуратовго анын аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |