Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-декабры № 20-4
Ак-Суу айыл аймагында айыл чарба жерлеринин пайдалангандыгы үчүн салыктын базалык ставкаларын көбөйтүү жөнүндө
Ак-Суу айыл аймагында айыл чарба жерлеринин пайдалангандыгы үчүн салыктын базалык ставкаларына көбөйтүү жөнүндө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Халмуратовдун билдирүүсүн угуп айылдык кеңештин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт
Базалык ставкалардан атуулдардын пенсияга чегерүүлөрү келип чыгат.Ак-Суу айыл өкмөтүнөн башка бардык айыл өкмөттөр базалык ставканы 2 же 3 жолу көтөрүшкөн ошондуктан сиздерге базалык ставканы 2 эсе көтөрүп берүүңуздөрдү суранамын. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 20- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак Суу айыл аймагындагы жер салыктарынын базалык ставкасы 2 эсеге көтөрүлүп ар бир гектарына төмөнкүдөй өлчөмдө эсептелсин.
Ак-Суу айыл өкмөтү | Суулуу айдоо сом | Кайрак айдоо сом | Көп жылдык өсүмдүктөр сом | Чөп чабынды сом | Жайыт |
2 эсе | 305 ,02 | 47.78 | 343,74 | 24.3 | 7,7 |
|
|
|
|
|
|
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн салык инспекторуна жүктөлсүн
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |