Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-декабры № 20-5
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министринин жардамчысы Авипов Жаныбек Илиязовичке Ак-Суу айыл аймагынын ардактуу атуулу наамын берүү жөнүндө
Ак-Суу айыл аймагынын ардактуу атуулу наамына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министринин жардамчысы Авипов Жаныбек Илиязовичти сунуштоо жөнүндө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Халмуратовдун сунушун угуп айылдык кеңештин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министринин жардамчысы Авипов Жаныбек Илиязович бир топ жылдардан бери министрдин жардамчысы болуп иштеп келе жатат, бул мезгил ичинде Ак-Суу айыл аймагына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министрлиги тарабынан ири өлчөмдө каражат бөлүнүп каналдарды тазалоого, каналдардын нугун узартууга, селден коргонуу обьектерин габион торчосу менен камсыздоого, Суу Башы, Ак-Суу айылдарынын элдерин селден коргоо үчүн сел тосмо курууга, Ак суу айылына жөө адамдар өтүүчү көпүрө курууга жумшалган.
Жогорудагы иштерди аткарууда министрдин жардамчысы Авипов Жаныбек Илиязовичтин эмгеги өтө чон, себеби мен айыл өкмөт башчысы катары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министригинин Лейлек райондук бөлүмү менен биргеликте Ак-Суу айыл аймагындагы обектилерди планга киргизүү боюнча сунуштарды
Министрликке жөнөткөндө Авипов Жаныбек Илиязович өзү алып тиешелүү жерлерге тапшырып министрдин жеке көзөмөлүнө коюп бардык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүп турат, ошондуктан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министринин жардамчысы Авипов Жаныбек Илиязовичке Ак-Суу айыл аймагынын ардактуу атуулу наамын берүүнү сунуштаймын. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министринин жардамчысы Авипов Жаныбек Илиязовичке Ак-Суу айыл аймагынын ардактуу атуулу наамы ыйгарылсын
Төрага | С. Асланкулов |