Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-декабры № 20-8
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги тарабынан Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетине 256,5 миң сом өзгөртүү келгендигине байланыштуу Ак-Суу айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Х. Кушбаковдун билдирүүсүн угуп Ак-Суу айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетинин такталган планына 256,5 миң сом акча каражаты кошумча киргизилип, айыл өкмөтүнүн аппаратынын ар түрдүү чыгашалар бөлүмүнө сарпталсын. (тиркемеге ылайык).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу депутаттардын Ак-Суу айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсы.
Төрага | С. Асланкулов |