Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-декабры № 20\9
Ак-Суу айылына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жана башка категорияга которууга макулдук берүү жөнүндө
Ак-Суу айылына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн Жаңы-Абад участкасынан 526-контурдан 1000 м2 жер аянтын бөлүп берүү жана башка категорияга которууга макулдук берүү жөнүндө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси А Бабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айылына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн Жаңы-Абад участкасынан 526-контурдан 1000 м2 жер аянты ажыратылсын жана башка категорияга которууга макулдук берилсин.
2. Суралсын Лейлек райондук архитектура жана мамкаттоо башкармалыгынан керектүү документтерди даярдап берүү жагы.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |