Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-декабры № 20/10
Ак-Суу айыл өкмөтүнө Мегаком Уюлдук байланышын орнотуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жана экинчи категорияга которуу жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнө Мегаком уюлдук байланышын орнотуу үчүн Тегерекучасткасынан 667-контурдан 100м2 жайыт жер аянтын бөлүп берүү жана экинчи категорияга которуу жөнүндө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси А. Бабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнө Мегаком уюлдук байланышын орнотуу үчүн Тегерек участкасынан 667-контурдан 100м2 жайыт жер аянтын башка категорияга которууга макулдук берилсин.
2. Суралсын Лейлек райондук архитектура жана мам каттоо башкармалыгынан керектүү документтерди даярдап берүү жагы.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |