Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012–жылдын 18–октябры № 2
Чаек айыл өкмөтүнүн астында «Чаек водоканал» муниципалдык ишкана түзүү боюнча
Чаек айыл өкмөтүнүн астында «Чаек водоканал» түзүү, Кыргыз Республикасынын «Кыргызтураюкайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынанын Жумгал жылуулук берүү жана суу камсыздоо ишканасынан «Чаек водоканалды» болуп өзүнчө Чаек айыл өкмөтүнүнө өткөрүп берүү боюнча угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Кыргызтураюкайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын Жумгал жылуулук берүү жана суу камсыздоо ишканасынан «Чаек водоканалды» болуп өзүнчө Чаек айыл өкмөтүнүнө өткөрүп берилсин
2. Чаек айыл өкмөтүнүн астында «Чаек водоканал» муниципалдык ишкана болуп түзүлсүн
3. «Чаек водоканал» муниципалдык ишкананын Уставы бекитилсин.
4. «Чаек водоканал» муниципалдык ишкана аталышы менен Нарын областын Юстициясынан каттодон өткөрүп жана моорун жасатуга Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы К. Ибраимовго милдеттендирилсин.
5. Бул чечимди аткаруу жагын Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы К. Ибраимовго жана Жумгал жылуулук берүү жана суу камсыздоо ишканасынын директору Т. Алымкуловго тапшырылсын
6. Бул чечимди көзөмөлгө алуу жагы Чаек айылдык кеңешинин төрогасынын орун басары Б. Кадыровго тапшырылсын.
Чаек айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Рысалиев |