Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-июну № 5-2
Марказ айыл өкмөтүнүн аймагындагы эгилип жетиштирилген тамеки боюнча «Сунел» фирмасы тарабынан берилген бонусту бөлүштүрүү жөнүндө
Марказ айыл өкмөтүнүн аймагындагы эгилип жетиштирилген тамеки боюнча «Сунел» фирмасы тарабынан берилген бонусту бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени карап, талкуулап чыгып, айыл Марказ айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Марказ айыл өкмөтүнүн аймагындагы Достук, Көк-Талаа, Маяк айылдарындагы эгилип жетиштирилген тамеки бонусу Достук айылындагы жаңыдан курулуп жаткан ФАПка которулуп берилсин.
2. Марказ,Арпа-Сай жана Пылдырак айылдарындагы өстүрүлгөн тамекинин бонусу айылдарда эгилген тамекинин аянты боюнча бөлүштүрүлүп берилсин.
3. Тамекиге берилген бонусту бөлүштүрүп берүү жагы, айыл өкмөтүнүн фин.отдел башчысы М. Исажановко жүктөлсүн.
Төрага | А. Эгембердиев |