Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-июну № 5-3
Марказ айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт комитетинин 2013-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Марказ айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт комитетинин 2013-жылга бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени карап, талкуулап чыгып Марказ айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Марказ айыл Өкмөтүнүн аймагындагы жайыт комитетинин бир жылдык бюджети бекитилсин.
2. Жайыт комитетинин бюджетиндеги акча каражаттарын сарамжалдуу жана мыйзам чегинде иштетүү жагы жайыт комитетинин төрагасы П. Касымовко жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Кеңешинин финансы, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Эгембердиев |