Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-марты № 23/6
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жыл ичинде пайдаланылбай калган каражатты кайра бөлүштүрүү жөнүндө
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Ш. Ташматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 20,31-статьяларына ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар эсебинде 2015-жылы пайдаланылбай калган 52700-00 сом 2016-жылы аппараттын 22154900 “Ар кандай чыгымдар” статьясына каралып кесиптик майрам, даталуу күндөрдү белгилеп, спорттук жана башка мелдеш, олимпиадаларды колдоо, муктаждарга жардам жана ошондой эле аппараттын мындан башка дагы ар түрдүү чыгымдарын жабууга жумшалсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы башкы эсепчи Ш.Ташматовго милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Жапаров |