Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-марты № 23/7
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн тургундарынын 26.02.2016-жылдагы жалпы чогулушунун № 2 протоколун бекитүү жөнүндө
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Букаровдун 2015-жылдагы белгиленген иштердин аткарылышы, 2016-жылга карата аткарылуучу иштердин планы жана 2016-жылга маанилүү, биринчи кезекте бүткөрүлө турган объектилердин тизмеси жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн тургундарынын 26.02.2016-жылдагы жалпы чогулушунун кабыл алган чечимдери жактырылсын.
2. 2016-жылга бүткөрүлүүчү маанилүү объектилердин тизмеси бекитилсин.
3. 2016-жылга белгиленген маанилүү объектилерди бүткөрүүгө карата эл аралык донор уюмдар менен тыгыз иш жүргузуп, баардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу жагы айыл өкмөт башчысы К. Букаровго тапшырылсын.
Төрага | Б. Жапаров |