Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-марты № 23/8
Ара-Көл айылынын тургундарынын “Ара-Көл” суу сактагычын Бейшебаев Атабекке 49-жылга арендага берген буйрукту жокко чыгарып берүүнү суранышкан кайрылуусу жөнүндө
Ара-Көл айылынын тургундарынын “Ара-Көл” суу сактагычын Бейшебаев Атабекке атасы Бейшебаев Качыке айыл өкмөт башчысы болуп иштеп турганда 09.12.2009-жылы № 111 буйрук менен 49-жылга арендага берип койгонун, суу сактагычында пеллет, сига, карп түрүндөгү балыктар көп жылдан бери бар экендигин, бул балыктарды Бейшебаев Атабек өзүм билемдик менен ээлик кылып, кармап сатып жатканын, ошондуктан Бейшебаев Качыке уулу Бейшебаев Атабекке айыл тургундарынын пикирлери менен эсептешпей туруп өз кызыкчылыгы үчүн чыгарган 09.12.2009-жылкы № 111 буйругун жокко чыгарууну суранган кайрылуусун Депутаттардын айылдык кеңешинин төрагасы Б. Жапаров сессиясынын катышууларына тааныштырды. Кайрылууну угуп жана талкуулап Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ара-Көл айыл тургундарынын “Ара-Көл” суу сактагычын Бейшебаев Атабекке 49-жылга арендага берилсин деген 09.12.2009 жылдагы айыл өкмоттүн №111 буйругун жокко чыгарып берүүнү суранышкан кайрылуу каты эске алынсын.
2. Бейшебаев Качыкенин Чолпон айыл өкмотүнүн башчысы болуп иштеп турган мезгилде уулу Бейшебаев Атабекке “Ара-Көл” суу сактагычын 49-жылга арендага берген 09.12.2009-жылдагы № 111 буйругунун, айыл өкмоттүн башчысы Бейшебаев Качыке менен уулу Бейшебаев Атабектин ортосунда түзүлгөн “Ара-Көл” суу сактагычын ижарага берүү жөнүндөгү 09.12.2009-жылкы келишиминин мыйзамдуулугун тактап берүү боюнча Райондук прокуротурасына кайрылуу жагы айыл тургундарына сунушталсын.
3. Кочкор райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгы тарабынан Бейшебаев Атабек Качыкеевичтин наамына 24.02.2016-жылы берилген № 068098 номерлүү (сериялуу) “Жер участогун убактылуу (49жылга) пайдалануу күбөлүгүнүн мыйзамдуулугун тактап берүү жагы рай прокуратурадан суралсын.
4. Токтомдун көчүрмолөрү Ара-Көл айыл тургундарына (билдирүү ээлерине) жөнөтүлсүн.
Төрага | Б. Жапаров |