Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-марты № 23/9
Чолпон айыл өкмөтүнүн аймагында 2016-жыл жазгы талаачылык жумуштарын аткарууда механизаторлордун эмгек акысы, күйүүчү-майлоочу майлардын чыгым көлөмүн аныктоо жөнүндө
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн “Жер, турак-жай- коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар” боюнча башкы адис А. Карбозовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айыл башчыларынын, механизаторлордун пикирлерин эске алуу менен Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон айыл өкмөтүнүн аймагында 2016-жылы жазгы талаачылык жумуштарын аткарууда механизаторлордун эмгек акысы, күйүүчү-майлоочу майларынын расходу (сарпталышы) төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленсин:
№ | Аткарылуучу жумуштар | Эмгек акысы (1га жерге, сом) | Күйүүчү-майдын өлчөмү (1га жерге, литр) |
1 | Кош айдоо (каз тамандуу) | 1100-00 | 25 |
2 | Кош айдоо (дөңгөлөктүү) | 1100-00 | 25 |
3 | Тегиздоо | 350-00 | 10 |
4 | Тырмоо | 350-00 | 10 |
5 | Бир жолу себүү | 400-00 | 10 |
6 | Эки жолу себүү | 450-00 | 15 |
7 | Арык тартуу | 100-00 | 3 |
| |||
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл башчыларына жана жер адис А.Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Жапаров |