Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-марты № 23/10
Чолпон айылына мини футбол аянтчасын курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Чолпон айылдык жаштар уюмунун демилгеси менен спорттук футбол боюнча түрүн жандандыруу максатында мини футбол аянтчасын уюштурууга жер аянтын бөлүп берүүнү суранышкан өтүнүч катын жаштар уюмунун тең төрагасы Ишенов Чыңгыз билдирүү жазады, билдирүүнү угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон айылдык жаштар уюмунун көтөрүп жаткан демилгесинин актуалдуулугу эске алынуу менен колдоого алынсын.
2. Чолпон айылдык клубунун күн чыгыш тарабынан мини футбол аянтчасын куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн башчысы К. Букаровго сунушталсын.
Төрага | Б. Жапаров |