Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы №1
Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин чыгашадан ашкан кирешесин бөлүштүрүү жөнүндө
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXX чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин чыгашадан ашкан кирешесин талкуулап чыгып бөлүштүрүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 3111 “Ар кандай чыгымдар” статьясына Боо-Терек айылынын Ч.Сатаев атындагы маданият үйүнүн капиталдык ремонтуна өздүк салым түрүндө 450000( төрт жүз элүү миң) сом, 2221“Мүлктү учурда оңдоого кеткен чыгымдар” статьясына тепкичтин чатырын жазаганга15 000 (он беш миң) сом ,тепкич жазаганга 37 000 ( отуз жети миң) сом, айыл өкмөтүнүн тегерегин курчоого 33000 (отуз үч миң) сом,
2215 “Ар кандай чыгымдар” статьясына машыктыруучу Эсенкулов Рыспекке 2015-жылдын алынбай калган иш сапар чыгымдарына 15 000 (он беш миң) сом,
2111“Эмгек акы ” статьясына Д. Дуйшебаев орто мектебинин ашпозчусунун жардамчысынын айлык маянасына 22500 ( жыйырма эки миң беш жүз) сом;
2121”Социалдык фондко төлөмдөр” статьясына 3900 ( үч миң тогуз жүз) сом;
2221“Мүлктү учурда оңдоого кеткен чыгымдар” статьясына Б. Сатыбеков орто мектебине буу казандарынын ремонтуна 20000 (жыйырма миң) сом;
2215 “Ар кандай чыгымдар” статьясына Жал” массивинде жайгашкан насостун ремонтуна 145000 (жүз кырк беш миң) сом;
2215 “Ар кандай чыгымдар” статьясына Ч.Сатаевдин эскерүү концертине 10 000 ( он миң)сом;
3112 “Машиналар жана жабдуулар” статьясына айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерин компьютер менен камсыздоого 34468 (отуз төрт миң төрт жүз алтымыш сегиз ) сом;
2721“Жеңилдиктердин ордуна компенсациялар жана калкка жеңилдиктер” статьясына Кадырбек уулу Сабырбектин операциясына жардамга 30000 (отуз миң)сом бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Р. Дуйшенкуловага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А. Алымкулова |