Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-марты № 5
Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июнуна чейин төрөлгөн жана жер үлүшүн албай калган жарандарга келген транштын негизинде КБФнан ( кайра бөлүштүрүү фондусу) жер үлүштөрүн бөлүп берүү жөнүндө
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXX чакырылышынын кезектеги XXVIV сессиясы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июнуна чейин төрөлгөн жана жер үлүшүн албай калган жарандарга келген транштын негизинде КБФнан (кайра бөлүштүрүү фондусу) жер үлүштөрүн бөлүп берүү жөнүндө
ТОКТОМ ЫЛАТ:
1. Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясы менен бирге келген транш боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Кубанычбековго жүктөлсүн.
2. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 1996жылдын 1-июнуна чейин төрөлгөн жана жер үлүшүн албай калган жарандарга келген транштын негизинде КБФна (кайра бөлүштүрүү фондусу) караштуу “Назаралы”, “Доку” , № 945–Культурный, № 946–Жал жана Көк-Жар массивдери жер үлүшүн бөлүп берүүгө бөлүнсүн.
3. Бакай-Ата райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн тиешелүү документтер менен камсыз кылуу жана чек араларын аныктоо жагы суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча башкы адиси Э. Бейшебаевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы аыйл өкмөт башчысы А. Кубанычбековго жүктөлсүн.
Төрайым | А. Алымкулова |