Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-марты № 243/31-6
Талас шаардык балдардын спорттук мектебин ачууга макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 62-беренесине ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2016-жылдын 10-мартындагы № 01-1/287 сандуу катынын негизинде Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу иштери боюнча туруктуу комиссиянын чечимин карап, талкуулап чыгып, жергиликтүү өз алдынча башкарууда чарбалык ишти жүзөөгө ашыруу үчүн чарбалык субьекттерди түзүү жана балдар арасында спортту өнүктүрүү максатында Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын батыш тарабына жаны курулган спорт комплексинин базасында “Талас шаардык балдардын спорттук мектебин” ачууга макулдук берилсин .
2. Балдардын спорттук мектеби жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
3. Кабыл алынган токтомду Жаны багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р. Мамбетов) жүктөлсүн.
Төрага | А. Джузупбеков |