Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-марты № 251/31-6
Талас шаарынын А. Оторбаев көчөсүнүн батыш тарабына Газпром тарабынан курулган спорт комплексине киргизилген таза суу түтүгүн Талас шаарынын муниципалдык обьектилердин реестрине киргизүү жана чарба жүргүзүү келишимдин негизинде Таза-Суу муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2.5.пункттары, Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 2-бөлүмүнүн 8-пунктуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2016-жылдын 16-февралындагы № 01-1/181 сандуу катынын негизинде Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу иштери боюнча туруктуу комиссиянын чечимин карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын А. Оторбаев көчөсүнүн батыш тарабына Газпром тарабынан курулган спорт комплексине киргизилген таза суу түтүгү Талас шаардык муниципалдык обьектилердин реестрине киргизилсин жана чарба жүргүзүү келишиминин негизинде Таза-Суу муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилсин.
2. Реестрге киргизүү жана өткөрүп берүү жагы Муниципалдык менчик башкармалыгына (Т. Киргабаков) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Жаны багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына(А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р. Мамбетов) жүктөлсүн.
Төрага | А. Джузупбеков |