Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-марты № 252/31-6
Талас шаарына сатылып алынган Мерседес-Бенц Самосвал-814, Мерседес-Бенц Самосвал-711 маркасындагы автоунааларды Талас шаардык муниципалдык автоунаалардын жана техникалардын реестрине киргизүү жана чарба жүргүзүү келишиминин негизинде Талас шаардык Аймактык өз алдынча башкаруусу мекемесине өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31- беренесинин 2.5.пункттары, Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 2-бөлүмүнүн 8-пунктуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2016-жылдын 19-февралындагы № 01-1/199 сандуу катынын негизинде Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу иштери боюнча туруктуу комиссиянын чечимин карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарына сатылып алынган Мерседес-Бенц Самосвал-814, Мерседес-Бенц Самосвал-711 маркасындагы автоунаалары Талас шаардык муниципалдык автоунаалардын жана техникалардын реестрине киргизилсин жана чарба жүргүзүү келишиминин негизинде Талас шаардык Аймактык өз алдынча башкаруусу мекемесине өткөрүлүп берилсин.
2. Реестрге киргизүү жана өткөрүп берүү жагы Муниципалдык менчик башкармалыгына (Т. Киргабаков) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду “Жаны багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына(А. Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р. Мамбетов) жүктөлсүн.
Төрага | А. Джузупбеков |