Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-марты № 253/31-6
Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө сатылып алынган 12 метрлик 2 контейнерди Талас шаарынын реестрине киргизүү жана оперативдик башкаруу келишиминин негизинде Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31- беренесинин 2.5.пункттары, Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 2-бөлүмүнүн 8-пунктуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2016-жылдын 18-февралындагы № 01-1/190 сандуу катынын негизинде Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу иштери боюнча туруктуу комиссиянын чечимин карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө сатылып алынган 12 метрлик 2 контейнер Талас шаарынын реестрине киргизилсин жана оперативдик башкаруу келишиминин негизинде Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилсин.
2. Реестрге киргизүү жана өткөрүп берүү жагы Муниципалдык менчик башкармалыгына (Т. Киргабаков) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду “Жаны багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына(А. Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р. Мамбетов) жүктөлсүн.
Төрага | А. Джузупбеков |