Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын23-марты № 254/31-6
Талас шаарына АРИС программасы аркылуу сатылып алынган 1600,0 сомдук 1(бир) даана Беларус-МТЗ 82.1 тракторунун базасындагы ЭО-2621 эксковатору жана 1 (бир) даана 261395 сомдук HL 90-315 маркасындагы ширетүүчү аппаратын Талас шаардык муниципалдык автоунаалардын жана техникалардын реестрине киргизүү жана чарба жүргүзүү келишиминин негизинде Таза-Суу муниципалдык ишканасына өткөрүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 31-беренесинин 2.5.пункттары, Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 2-бөлүмүнүн 8-пунктуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2016-жылдын 19-февралындагы № 01-1/197 сандуу катынын негизинде Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу м аселелери боюнча туруктуу комиссиянын чечимин карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарына АРИС программасы аркылуу сатылып алынган 1600,0 сомдук 1(бир) даана Беларус-МТЗ 82.1 тракторунун базасындагы ЭО-2621 Эксковатору жана 1 (бир) даана 261395 сомдук HL 90-315 маркасындагы ширетүүчү аппараты Талас шаардык муниципалдык автоунаалардын жана техникалардын реестрине киргизилсин жана чарба жүргүзүү келишиминин негизинде Таза-Суу муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилсин.
2. Реестрге киргизүү жана өткөрүп берүү жагы Муниципалдык менчик башкармалыгына (Т. Киргабаков) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Жаны багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук- ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына(А. Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р. Мамбетов) жүктөлсүн.
Төрага | А. Джузупбеков |