Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-октябры № 20/2
Исфана шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин кыш мезгилине карата даярдыгы жөнүндө»
Исфана шаар мэриясынын аймагында билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин кышка карата даярдыгы жөнүндө Исфана шаардык Кеңешинин билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт жана саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү, экология иштери боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясынын аймагында билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын жана саламттыкты сактоо мекемелеринин кышка карата даярдыктары канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Маалыматта көрсөтүлгөн кээ бир кемчиликтерди жоюу жана көмүр менен камсыздоо боюнча кошумча аракеттерди көрүү жагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилерине жана Исфана шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областык бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык кеңешинин билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт жана саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү, экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | А. Рахманкулов |