ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2015-жылдын 23-октябры № 20/3
«Жеткинчек» балдар бакчасына кошумча бир жатак тайпа ачуу жөнүндө»
«Жеткинчек» балдар бакчасына кошумча бир жатак тайпа ачуу жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жеткинчек» балдар бакчасына кошумча бир жатак тайпа ачылсын.
2. Мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областык бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык кеңешинин билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт жана саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү, экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Рахманкулов |