Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-октябры № 20/4
«2015-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»
Исфана шаар мэриясынын 2015-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын жергиликтүү бюджетине № 1, № 2 жана № 3 тиркемелерге ылайык өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин.
2. Мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин Баткен областык бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Рахманкулов |