Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-октябры № 20/5
«Исфана шаарынын 2016-жылга карата өнүктүрүү планына (СРС) үлүштүк гранттардын эсебинен каржылоого сунушталуучу долбоорлорду бекитүү жөнүндө»
Исфана шаар мэриясынын Исфана шаарын 2016-жылга карата өнүктүрүү планына (СРС) үлүштүк гранттардын эсебинен каржылоого сунушталуучу долбоорлорду бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарынын 2016-жылга карата өнүктүрүү планына (СРС) үлүштүк гранттардын эсебинен каржылоого сунушталуучу долбоорлор тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет).
2. Долбоордун бюджетинин 20% дан кем эмес өлчөмдөгү суммасын өздүк салымы катары 2016-жылдын жергиликтүү бюджетине киргизилсин.
3. Мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областык бөлүмүнөн суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Рахманкулов |