Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-октябры № 20/7
«Муниципалдык менчик департаментине кошумча 1 штаттык бирдик киргизүү жөнүндө»
Исфана шаар мэриясынын муниципалдык менчик департаментине кошумча 1 штаттык бирдик киргизүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине техникалык жактан тейлөө үчүн кошумча 1 штаттык бирдиги киргизилсин.
2. Мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областык бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Рахманкулов |