Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-октябры № 20/8
«Жайыт жерлерин бир категориядан экинчи бир категорияга которуу жөнүндө»
Жайыт жерлерин бир категориядан экинчи бир категорияга которуу жонундо Исфана жайыт комитетинин сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 10-беренелерине ылайык Исфана шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана жайыт комитетинин жайыт жерлери төмөнкү категориядагы жерлерге которулсун:
1. №960 контурдан 30,0га жер аянты айыл чарба багытындагы жерлери категориясына;
2. № 44,45,46,47,48,49,50,51 контурларынан 20,0га жер аянты айыл чарба багытындагы жерлери категориясына;
3. Жараксыз таштак жайыт жерлерин көрктөндүрүү үчүн № 545 контурдан 1,80га, № 563 контурдан 1,20 га жер аянттарын айыл чарба багытындагы жерлери категориясына;
4. Мырза-Патча айылынын Тажикстан Республикасы менен чектешкен жайыт жерлериндеги № 118,144,147,149 контурларынан 13,0га жер аянты айыл чарба багытындагы жерлери категориясына;
2. Исфана жайыт комитетине караштуу 66,0га жайыт жерлерин трансформациялоо жагы Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областык бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Рахманкулов |