Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-октябры № 20/9
«Исфана шаардык Кенешинин депутаттары М.Жалиловдун жана А.Джолматовтордун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамынын 3- жана 5-беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык Исфана шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаардык кеңешинин депутаттары М. Жалиловдун жана А. Джолматовтордун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. М. Жалилов жана А.Джолматовдордун депутаттык күбөлүгү жараксыз экендигин бекитип берүү жагы аймактык жана борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областык бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Рахманкулов |