ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2015-жылдын 23-октябры № 20/1
«Бозогүл участкасынын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө»
Исфана шаар мэриясынын Бозогүл участкасынын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө сунушту угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясына караштуу Бозогүл участкасынын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Социалдык обьектилерге бөлүнгөн жер участкаларын максаттуу пайдалануу Исфана шаар мэриясына милдеттендирилсин.
3. Бозогүл участкасынын башкы планына өзгөртүү киргизүү иштерин жүргүзүү жагы Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
4. Мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областык бөлүмүнөн суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Рахманкулов |