Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-октябры № 20/11
«Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн жетекчиси А. Тажиевдин катын кароо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн жетекчиси А. Тажиевдин катын кароо жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн жетекчиси А. Тажиевдин катында көрсөтүлгөн сын-сунуштар көңүлгө алынсын.
2. Катта көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу жана сын-сунуштарды аткаруу жагы Исфана шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областык бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык кңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Рахманкулов |