ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2015-жылдын 23-октябры № 20/13
«Исфана шаар мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаментине жеңил автоунаа алууга уруксат берүү жөнүндө»
Исфана шаар мэриясынын «Лейлек-Коммунальщик» акционердик коомуна автоунаа алууга уруксат берүү жөнүндө сунушту угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 18-беренесинин жана 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаментине жеңил автоунаа алууга уруксат берилсин жана ыкчам иштерди аткаруу үчүн «Лейлек-Коммунальщик» акционердик коомуна пайдаланууга берилсин.
2. Мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областык бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Рахманкулов |