Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-октябры № 20/14
«Исфана шаар мэринин аткарып жаткан иштери жөнүндө 2015-жылдын 9 айлык отчетун угуу»
Исфана шаарынын мэри А.Д. Анарботоевдин 9 ай ичинде мэрия тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө отчетун жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 6-пунктуна жана Исфана шаардык кеңешинин регламентинин 14-главасынын 5-пунктуна ылайык Исфана шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарынын мэри А.Д. Анарботоевдин Исфана шаарын өнүктүрүүдөгү 2015-жылдын 9 айдын ичинде жүргүзүп жаткан иштери, отчетту баалоо боюнча эсептөө комиссиясынын № 1 токтомунун негизинде канааттандырарлык деп табылсын.
2. Исфана шаар мэриясынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдөгү кээ бир иш-чаралардын аткарылбай жаткандыгы белгиленсин.
3. Кетирилген кемчиликтерди жоюу менен аткарылган иштер боюнча маалыматты 2015-жылдын жыйынтыгы менен билдирүү берүү жагы Исфана шаарынын мэри А.Д.Анарботоевге милдеттендирилсин.
4. Мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областык бөлүмүнөн суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык кенешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларына тапшырылсын.
Төрага | А. Рахманкулов |