Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-июну № 87
Токтогул шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жана туруктуу комиссиялардын курамын толуктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Бирге” саясий партиясынан шайланган депутаттар Абышов Сулайманкул, Давлеталиев Ибраим жана Өмүржан уулу Мирбек өз арыздарынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткондугу эске алынсын.
2. Бош калган депутаттык мандатка ээ болгон “Бирге” партиясынын депутаттары:
1) Тайчабаров Кенжебек Ормонович Токтогул шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайлансын.
2) Баялиева Мира Акматбековна шаардык кеңештин “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына кошулсун.
3) Азимов Алмаз Усенович шаардык кеңештин “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына кошулсун.
3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
Төрага | К. Дербишев |