Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-июну № 88
“Бир бол” саясий партиясынан депутат Орозов Айбек Талантбековичтин ыйгарым укуктарынын токтогондугу жана бош калган мандаттын ордун кийинки талапкерге ыйгаруу боюнча
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозов Айбек Талантбековичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу, анын депутаттык ыйгарым укуктарынын токтогондугу эске алынсын (өлгөндүгү боюнча күбөлүгү тиркелет).
2. Токтогул шаардык кеңешинде бош калган мандаттын ордун ээлөөнү “Бир Бол” саясий партиясынын тизмесиндеги кийинки талапкерге ыйгаруу жагы Токтогул Аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Аймактык шайлоо комиссиясына билдирме берүү жагы Токтогул шаардык кеңешинин жооптуу катчысы С.Наралиевага милдеттендирилсин.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы С. Наралиевага тапшырылсын.
Төрага | К. Дербишев |