Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 06- июну № 89
Токтогул шаардык кеңешинин 01.03.2016-жылдагы кезектеги XIV сессиясынын № 67 токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү боюнча
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” жана “КР бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушун кароонун жыйынтыгы боюнча Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, макетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын жогорудагы корутундусу жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин.
2. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу Даңканай кичи районуна ФАП куруу үчүн каралган (01.03.2016-жыл № 67 токтом, 5 тиркеме) 1000,0 миң сом кыскартылсын жана анын ичинен:
-827 445 сом Даңканай кичирайонунда ФАП куруу боюнча долбоорду үлүштүк гранттын эсебинен ишке ашыруу максатында өздүк салым катары которулуп берилсин;
- 44 200 сом “Байчечекей” балдар бакчасынын айланасын тосмолоо боюнча долбоорду үлүштүк гранттын эсебинен ишке ашыруу максатында өздүк салымына кошумча которулуп берилсин;
- 86 260 сом Болсунбек жана С.Жунусов атындагы көчөлөрдүн тургундарынын арызы боюнча ойдуң жердеги топтолгон сууларды агызып, чыгарып кетүү үчүн 185 м труба орнотууга жумшалсын;
-42 095 сом таштанды төгүлүүчу жайга кароолканага электр жарыгын жеткирүүгө жумшалсын.
3. Аппараттын атайын эсебинин киреше бөлүгүнө 14411100 “Учурдагы жардам” бөлүмү кошулсун, “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагындагы 249 080 сом акча каражаты бекитилсин жана бул акча каражаты гранттык макулдашуунун негизинде чыгымдалсын.
4. Атайын эсептин планына тактоо киргизүү Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н. Кулузаковага милдеттендирилсин.
5. Жалпысынан токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, макетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
8. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
Төрага | К. Дербишев |