Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6- июну № 90
Токтогул шаарынын Черноткач көчөсүнүн түндүк тарабынан калктуу конуштун жалпы пайдалануусундагы муниципалдык менчиктеги 72 м2 жер аянтындагы убактылуу мөмө-жемиш, жашылча сатылуучу базардын ижара акысын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексине”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү”, “КР бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушу боюнча Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, макетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, башка чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Черноткач көчөсүндөгү муниципалдык менчиктеги 72 м2 жер тилкесинде мөмө-жемиш, жашылча сатуучу базарды убактылуу калтыруу жөнүндөгү бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу жактырылгандыгы белгиленсин.
2. Жогоруда аталган жердин ижара акысы: Узундугу 1 м жерге бир күнгө - 25 сом төлөө бекитилсин.
3. Ар бир ижарачыга жер тилкесин ченеп берүү менен, бекитилген тарифке ылайык келишим түзүү Токтогул шаардык мэриясынын жерге укукту берүү боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Келишим түзүүдө Токтогул шаардык кеңешинин кезексиз XVI сессиясынын жыйынтыгы менен берилген протоколдук тапшырмалары (10.05.2016-жылдагы № 89 каты) сөзсүз эске алынсын жана тараптардын милдеттери так, даана көрсөтүлсүн.
5. Жалпысынан токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, макетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча жана “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча”туруктуу комиссияларына (М.Солтоева, Н.Молдоказиев) тапшырылсын.
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
8. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
Төрага | К. Дербишев |