Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-майы № 1
«Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бир жылдык отчету, 2016-жылга карата иш планын жана бюджетин бекитүү жөнүндө»
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХXVIII сессиясы
ТОКТМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үңкүр жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Т. Шавкановдун 2015-жылга аткарылган иштери боюнча берген отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. 2016-жылга түзүлгөн иш планы алымча кошумчасы менен бекитилсин.
3. Жайыт комитетинин 2016-жылга өндүрүлгө турган ижара акы акча каражаттары жайыт комитетинин отчетунда бекитилсин.
4. Кызыл-Үңкүр жайыт пайдалануучулар бирикмеси токой чарбасына тиешелүү салык, аренда төлөмдөрүн, райондук салык инспекциясына, соц фондуга өз мөөнөтүндө төлөп берүү жана түшкөн каражаттарын статьялар боюнча эсеп кысабын иштеп чыгуу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бухгалтери У. Кулбековко милдеттендирилсин.
5. Кызыл-Үңкүр жайыт пайдалануучулар бирикмесине бир адисти сезон убагында (3 айга) келишим менен иштетүүгө уруксат берилсин.
6. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын айылдык кеңешинин экономика жана бюджет, мыйзамдуулукту сактоо жана укук коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Жамгырчиев |