Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-февралы № 4
«Аавлетим айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын киреше бөлүгүн 2016-жылга калган калдык акча каражатын бөлүү жөнүндө»
Авлетим айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын киреше бөлүгүнөн 2016-жылга калган 664,1 (алты жүз алтымыш төрт миң бир жүз ) сом калдык акча каражаты төмөндөгүдөй тартипте:
-Мектептердин учурундагы чарбалык максаттары үчүн-39,1миң сом
-Жүгүртүүдөгү накталай акчанын көлөмү-20,0 миң сом
-Тегирмен-Сай , Товар айылдарды жана атантай , Капчыгай учаскаларына
Электр линиялары үчүн – 130,0 миң сом
-Таштанды жайды королоо үчүн-80,0 миң сом
-Жерлерди трансормациялоо- 50,0 мисом
-Муниц-к менчик обьектилерге ГОС АКТ алуу-200,0 миң сом
- Нүзүп аталыктын айкелине-50,0 миң сом
-Китеп чыгарууга-30,0 миң сом
-Конторанын электр жабдууларын жаңылоо жана лабор-я өткөрүү -65,0 миң сом
Жалпысы 664,1 (алты жүз алтымыш миң төрт бир жүз) сом жумшалсын.
2. Жогорудагы акча каражаттарын мыйзамдаштыруу жана максаттууу пайдалануу жагы Каржы бөлүмүнүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
4. Токтом www.avletim.aksy.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.
Төрага | С. Атантаев |