Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-февралы № 7
«Авлетим айыл өкмөтүнүн элине кызмат кылган көрүнүктүү адамдарына Авлетим айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө»
Авлетим айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамына Авлетим айылдык кеңешинин төрагасы Аксы райондук соцфонддун башчысы Атантаев Сардарбек Рахманбердиевич, Авлетим айылдык Кеңешинин депутаты Аксы райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Авлетим айылдык кеңешинин депутаты Ибраимов Смайылбек, Авлетим айылдык кеңешинин депутаты Авлетим токой чарбасынын Авлетим токой бөлүмүнүн башчысы Мамытбеков Азатбек, Авлетим айыл өкмөтүнүн ФЭБдин башчысы Абылаев Болотбек Кудайкулович, Авлетим айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча адиси Узенов Меңдигул, Товар-Сай айылынын тургуну эмгек ардагери Осмоналиев Абдибали, Ы. Акылбеков атындагы Тегирмен-Сай орто мектебинин директору Айылдык Кеңештин депутаты Кожоматова Рааткан Эмилбековна, Айылдык кеңештин депутаты Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин алдындагы сел жана суу ташкындарынан коргоо мамлекеттик агентигинин Жалал-Абад областтык бөлүмүнүн башчысы Төлөбаев Ажыбалы Абдуллаевич, № 12 ЖТИнин жетекчиси Исманов Камалбек Мадаминович, № 6 ПЛУАТтын башкы инженери Муратбеков Алмазбек Качкынбековичдер көрсөтүлсүн.
2. Керектүү иш кагаздарын жана күбөлүктөрүн даярдатып келүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБдин башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.avletim.aksy.kg сайтына расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
төрага | С.Р. Атантаев |