Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-февралы № 8
«Коргон айылындагы көчөлөргө ат коюу жөнүндө»
Айыл ичиндеги көчөлөргө ат коюу жөнүндө элден келип түшкөн сунуштарды карап жана талкуулап, Авлетим айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чомоев Адилбектин үйүнөн Озокеев Асилбектин үйүнө чейин маркум Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучусу Арстанбаев Туралы атындагы көчө деп аталсын.
2. Сатыбалдиев Меңдалынын үйүнөн Кожоматов Үсүптүн үйүнө чейин маркум Эшмырзаев Кожомат аытдагы көчө деп аталсын..
3. Козубеков Азанбектин үйүнөн Токтогулов Кайыпбайдын үйүнө чейин маркум Төлөбаев Алыбай атындагы көчө деп аталсын
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул токтом www.avletim.aksy.kg сайтына расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | С.Р. Атантаев |