Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-февралы № 9
«Авлетим айылынын тургуну, К. Мамытованын арызынын негизинде музыкалык мектептин имаратын куруу үчүн А. Кабаев атындагы Авлетим орто мектебинин аймагынан 150м2 жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө»
Авлетим айылынын тургуну К. Мамытованын А.Кабаев атындагы Авлетим орто мектебинин аймагына музыкалык мектептин имаратын куруу жөнүндөгү кайрылган арызын карап, Авлетим айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айылынын тургуну К. Мамытованын арызын канааттандыруу максатында музыкалык мектептин имаратын куруу үчүн А.Кабаев атындагы Авлетим орто мектебинин аймагынан 150м2 жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Бул токтом www.avletim.aksy.kg сайтына расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | С.Р. Атантаев |