Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-февралы № 10
Авлетим айыл өкмөтүнүн тургундары Ы.Жанчаров, Н.Абдыраманов, Б.Узенбаевдерди «Аксы районунун «Ардактуу Атуулу» наамына сунуш кылуу жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Авлетим айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айыл өкмөтүндө эмгеги менен элдин кадырлоосуна татыктуу болгон Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Абдыраманов Нурмырза Абасович, Товар-Сай айылынын жашоочусу ардагер Жанчаров Ырызалы Абдылдаевич, Дейрес айылынын жашоочусу жеке ишкер Узенбаев Бакытбек Ыманбековичтер Аксы районунун «Ардактуу Атуулу» наамына сунуш кылынсын.
2. Ушул сунушту колдоп берүү жагы Аксы райондук жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.avletim.aksy.kg сайтына расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | С.Р. Атантаев |